Бул боюнча Миятовичтин Армениянын тышкы иштер министри Эдвард Налбандянга багытталган кайрылуусунда айтылат. “Полиция журналисттерди жана ЖМК өкүлдөрүн коргошу керек”, - деп билдирди Миятович.
30-июлда Ереванда кагылышуулар болуп, 15 журналист жабыркаган. Алардын арасында "Азаттыктын” армян кызматынын кабарчысы дагы бар болчу. Митингге чыккандарды таркатып жатканда журналисттерге жыгач жана темир көтөргөн жөнөкөй кийимчен адамдар кол салган. “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Том Кент пресса кызматкерлерине зомбулук көрсөтүлгөнүн сынга алды. Ал полиция журналисттердин коопсуздугун камсыз кылып берет деген үмүтүн билдирди.