Ссылки доступа

Шымкентте казак жана тажик жаштарынын ортосунда жаңжал чыкты


Шымкент шаарынын четиндеги айылдардын биринде жергиликтүүлөр менен тажик жигиттеринин ортосунда чыр чыкты.

Жаңжал 31-июлда тажик боз улан жашы жете элек казак кызды зордуктады деген айың кептен кийин башталган. Айрым маалымат агенттиктери кабарлагандай, башка айылдардын жашоочуларын урушка аралаштырбоо үчүн полиция кыштакты курчоого алды.

“Азаттыктын” казак кызматынын Алматыдагы кеңсесинин жетекчиси Куанишбек Кори ИИМдин Түштүк-Казакстан облусундагы башкармалыгына таянып, мушташ учурунда үч адам жаракат алып, дүкөндөрдүн биринин терезеси талкаланганын билдирди.

Облустук полициянын орун басары жашы жете элек казак кызын медициналык текшерүүдөн өткөрүшкөнүн, бирок ур-токмок менен зордуктоонун белгилери жок болуп чыкканын маалымдады. Анын айтымында, тажик жигит кармалган жок, ал ата-энесинин көзөмөлүндө. Бирок жаңжал боюнча ыкчам тергөө тобу иштеп жатат.

XS
SM
MD
LG