Ссылки доступа

Орусия жарым миллион тажик мигрантына пенсия төлөп берүүгө даяр


Тажик эмгек мигранттарын пенсия менен камсыздоону жөнгө салуу боюнча Тажикстан менен Орусия ортосундагы келишимдин долбоору даярдалып бүттү. Учурда эки өлкө эксперттери аталган документти жүзөгө ашыруу механизмдерин макулдашууда.

Бул тууралуу “Азаттыктын” тажик кызматына Тажикстандын эмгек, миграция жана калкты иш менен камсыздоо министринин орун басары Нурулло Махмадуллозода билдирди.

Тажик аткаминеринин айтымында, акыркы эки жылда Орусияда иштеген Тажикстан жарандарынын саны кыйла өсүп, 2015-жылы алардын саны 500 миң адамга жеткен. Чиновник Орусия бийлиги бул келишимдин долбоорун макулдашуу үчүн Тажикстан өкмөтүнө жөнөткөнүн маалымдады. Анын айтымында, эки өлкө ортосунда пенсиялык камсыздоо боюнча карама-каршылыктар жок.

Жаңы келишимге ылайык, расмий түрдө иштеген мигранттар Орусияга социалдык салык төлөшү абзел. Мындай жол менен Тажикстан бул каражатты Орусиядан алып, өз жараны ардактуу эс алууга чыкканда пенсия төлөп берет.

Эмгек мигранттарын пенсия менен камсыздоо тажик коомчулугунда олуттуу маселе. Тажикстан жарандары 20 жылдан ашуун убакыттан бери Орусияга иш издеп барышат. Пенсия курагына жеткендер үчүн эч кандай социалдык төлөмдөр каралган эмес. Бул маселе өкмөттө эбактан бери талкууланып, эми парламентке жеткен.

XS
SM
MD
LG