Фонддун негизги жана ишеничтүү өнөктөштөрүнүн бири Кореядагы эл аралык Junior Chamber International жаштар уюму. Ошондой эле Ча университетинин алдындагы Пундан Ча ооруканасы көмөк көрсөтүп келет.
2016-жылдын 25-майында Ташкентте жүрөк дарты бар 27 бала текшерилген. Бул тууралуу Podrobno.uz кабарлаган. Алардын арасынан 2ден 14 жашка чейинки төрт бейтап операция жасоо үчүн Кореяга чакырылган.
JCI-Korea уюмунун кызматташтыгы алдында Пундан Ча ооруканасында 2008-2015-жылдар аралыгында кайрымдуулук негизде 56 кишиге операция жасалган.