Ссылки доступа

АКШ өзөктүк куралын жаңылатат


2020-жылы Америка Кошмо Штаттары жаңылатылган B61-12 өзөктүк бомбасынын алгачкы үлгүсүн чыгарууну көздөөдө. “Америка үнүнүн” орус кызматы билдиргендей, 12-модификациядагы бомба кеминде дагы 20 жыл иштеп бере алат.

АКШнын өзөктүк коопсуздук боюнча улуттук башкармалыгы В61-12 куралынын иштөө мөөнөтүн узартуу боюнча программанын инженердик жумуштары башталышын колдоого алды. Өндүрүш башталганган чейинки бул акыркы этапка төрт жылдык изилдөөлөр алып келди. Алгачкы курал 2020-жылы чыгарылат деп күтүлөт. Программага ылайык, бомбанын иштөө мөөнөтүн узартып, коопсуздук жана ишенимдүүлүгүн арттыруу үчүн куралдын өзөктүк жана өзөктүк эмес бөлүктөрү кайра иштетилет. Башкармалыктын жетекчиси Франк Клоцтун айтымында, учурда иштеп жаткан В61 үлгүсүндө америкалыктардын арсеналындагы эң эски бөлүктөр колдонулат. “Куралдын иштөө мөөнөтүн узартуу боюнча мындай программалар президент Обаманын буйругун аткарат. Ал арсеналды кыскартуу менен катар коопсуз, ишенимдүү жана натыйжалуу өзөктүк куралды колдоп турууну тапшырган”, - деп АКШнын энергетика министри Эрнест Мониз билдирди.

XS
SM
MD
LG