Ссылки доступа

Тажикстандын алтын-акча запасы 72 күнгө жетет


Тажикстандын экономикалык өнүгүү жана соода министринин орун басары Умед Давлатзод өлкөнүн алтын-валюта запасы боюнча маалыматты жашыруу чечими калк ичинде дүрбөлөң салбаш үчүн кабыл алганын билдирди.

Давлатзоддун айтымында, запас боюнча маалымат таркап кетсе, адамдар банктардагы акчаларын чыгарып башташы мүмкүн. Мунун кесепеттери болот. “Запас боюнча маалыматты жашыруу - өлкөнүн саясаты. Негизи жок дүрбөлөң пайда болсо, элдин банк системасына ишеничин өзгөртүп салышы мүмкүн”, - деди ал.

Ал арада Дүйнөлүк Банктын серепчилери буга чейин Тажикстандын алтын-акча запасы 72 күнгө гана жетет деп билдирген. Умед Давлатзод эксперттердин пикирин тастыктап, эл аралык нормаларга ылайык запастын көлөмү 90 күнгө жетиши керек деп белгиледи. Анын айтымында, каатчылык башталгандан кийин запастын бир бөлүгү улуттук акчанын курсун кармап турууга иштетилди.

Чиновник белгилегендей, өкмөт улуттук акча бирдигинин курсун эске алуу менен алтын-акча запасынын көлөмүн көбөйтүү үчүн чараларды көрүүдө.

XS
SM
MD
LG