Ссылки доступа

Талиптер өзбек-тажик чек арасына жакын районду басып алды


Өткөн аптада “Талибан” кыймылы Кундуз провинциясындагы Калъаи Зол районун басып алды. Аймак Тажикстан жана Өзбекстанга жакын жайгашкан. Ооган бийлиги Кундуз провинциясынын көпчүлүк райондору талиптердин көзөмөлүнө өткөнүн “Азаттыктын” өзбек кызматына билдирди.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, Калъаи Золдун миңдеген жашоочулары үйлөрүн таштап, провинциянын борбору– Кундузга же Ооганстандын башка аймактарына жер которууга аргасыз болууда. Райондо жалпысынан 60 миңден ашуун адам жашайт.

Талиптерге каршылык көрсөтүп жаткан командирдин айтымында, эгер Ооганстандын борбордук бийлиги жана АКШ башчылыгы алдындагы коалициялык күчтөр ири аскердик операция жүргүзбөсө, “Талибан” жоочулары Амур дарыя аркылуу Өзбекстан жана Тажикстан менен чектеш аймактарга өтүп кетиши мүмкүн.

Өткө жылы Кундуз провинциясын “Талибан” согушкерлери кыска мөөнөткө басып алышкан. Быйыл апрелде өкмөтүк күчтөр АКШнын аскердик жардамы менен Кундузга кол салган жоочуларга кайта сокку ура алган.

Июль айында АКШ президенти Барак Обама 2017-жылдын башына карата Ооганстанда 8400 америкалык аскер кала турганын билдирген. Буга чейин Өзбекстан президенти Ислам Каримов коалициялык күчтөр Ооганстандан чыгып кетсе, бул өлкөдөгү ар кыл топтордун ортосундагы тирешүү күчөп, ички жаңжалдар өөрчүй турганын айткан.

XS
SM
MD
LG