Ссылки доступа

Казакстан климат боюнча Париж келишимине кол койду


Казакстан климаттын өзгөрүшү боюнча Париж келишимине кол койду. Ага катышкан өлкөлөр атмосферага парник газдарынын чыгарылышын азайтууга көмөк көрсөтүүгө милдеттүү болот. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүдө айтылгандай, ТИМ министри Ерлан Идрисов келишимге 2-августта Нью-Йоркто БУУнун штаб-квартирасында кол койду.

Келишимге ылайык, өлкөлөрдүн баары газдардын чыгарылышын азайтуу, технологиялык куралдарды жаңыртуу жана климаттагы өзгөрүүлөргө ылайыкташуу боюнча максаттарын аныкташы керек. Эл аралык келишимдер мунай казууга тыюу салбайт, ал эми көмүр кычкыл газынын (СО2) чыгарылышы чектелбейт.

Ошону менен катар 2020-жылдан тарта өнүгүп жаткан өлкөлөргө климатты сактап калууга байланышкан технологиялык жана өнөр жайдагы керектөөлөрүнө жылына 100 млрд доллардан бөлүнүп турат. Париж келишими – катышуучуларын шарттарды аткарууга милдеттендирген климат боюнча алгачкы дүйнөлүк келишим.

XS
SM
MD
LG