Ссылки доступа

Дүйнөлүк антидопинг системасы өзгөрүшү мүмкүн


Эл аралык Олимпиада комитетинин башчысы Томас Бах Орусия спортундагы жаңжалдан кийин антидопинг системасын түп тамырынан бери өзгөртүү керектигин айтты.

Ал шейшембиде комитеттин Рио-де-Жанейродогу сессиясына катышып жатып, орусиялык спортчулар тарабынан тыюу салынган препараттын колдонулушунун кеңири жайылышы Дүйнөлүк антидопинг агенттигинин ишинин натыйжалуу эместигин ачыкка чыгарганын билдирди.

Эл аралык Олимпиада комитети Орусия курамасын толугу менен Рио оюндарынан четтетпөө боюнча чечим кабыл алган сон сынга кабылган. Ал маселеге чекит коюуну спорттун түрлөрү боюнча федерацияларга тапшырган.

WADA канадалык юрист Ричард Макларендин жетекчилиги алдындагы көз карандысыз комиссиянын бүтүмдөрүнө таянып, орусиялык атлеттерди Олимпиадага жибербөө сунушун берген.

Эл аралык Олимпиада комитетинин атайын комиссиясы федерациялардан түшкөн бардык тизмени текшерип чыгып, шейшембиде орус спортчуларынын Олимпиадага катышуусуна уруксат берүү боюнча акыркы чечимди кабыл алат.

XS
SM
MD
LG