Ссылки доступа

Түркияда төңкөрүш аракетине катышкандарды камоо уланууда


Түркияда Фетхуллах Гүлендин жактоочуларынын катарына кирет деген айып менен 90дон ашуун футбол калысы жана алардын жардамчылары камакка алынды. Бийлик 16-июлга караган түнү болгон мамлекеттик төңкөрүш аракетинин артында Гүлен турат деп эсептейт.

Түрк телеканалдары төңкөрүш аракети болгон түнү Стамбулдагы “Бешикташ” клубунун стадионуна козголоңчулар ээлеп алган тик учак конгону тартылган тасманы көрсөтүштү.

Шейшембиде Анкарада Гүлхане деп аталган Түркиянын эң алдыңкы аскерий ооруканасынын 50 кызматкери кармалды. Дагы 50 кызматкерди камакка алууга уруксат берилди.

Анкарада сөз сүйлөп жатып Эрдоган армияда кескин өзгөртүүлөрдү жасабаса, Гүлендин жактоочулары кайрадан аскерлерди өзүнө тартып алууга аракет кылышат деп билдирди. Өзгөчө кырдаалдан пайдаланып, президент Башкы штабды өзүнө каратып алууга жол берген конституциялык толуктоолор кабыл алынышын көздөөдө.

Төңкөрүш аракети болгондон бери Түркияда 10 миңден ашуун адам камалды. 70 миңдей мамлекеттик кызматкер, полициячылар жана аскерлер жумушунан алынды.

XS
SM
MD
LG