Ссылки доступа

АКШ Борбор Азияда бир катар долбоорлорду ишке ашырат (фото жана видео)


Мамкатчы Жон Керри билдиргендей, АКШ Борбор Азия өлкөлөрүндө бир катар долбоорлорду ишке ашырууга милдеттенме алып, аларды аягына чейин чыгарат.

Вашингтондо Керри Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана АКШ кирген “С5+1” деп аталган топтун алкагында бул өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери менен жолукту.

Өз сөзүндө Керри АКШ терроризмге каршы күрөшүү, соода жана транспорт тармактарында кызматташтыкты бекемдөөгө көмөк көрсөтөрүн айтып, чөлкөмдө экологиялык жактан таза энергетикалык долбоорлорду колдоо катары 15 миллион доллар бөлүнгөнүн белгиледи.

Ал Кошмо Штаттар Борбор Азиядагы ар бир өлкөнүн көз карандысыздыгын, суверенитеттүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн колдой турганын кошумчалады. Керри тышкы иштер министрлердин көңүлүн аймактагы адам укуктары боюнча маселелерге да бурду.

Министрлер тобу бул курамда алгачкы жолу былтыр ноябрда Өзбекстанда жолуккан.

Видеонун түп нускасын бул жерден көчүрүүгө болот: видео

XS
SM
MD
LG