Ссылки доступа

Петербургда тажик өспүрүм мыкаачылык менен өлтүрүлдү


Орусиянын Санкт-Петербург шаарында дүкөндүн жанынан 17 жашар тажик жаранынын сөөгү табылды. Анын далысына бир нече жолу бычак сайылып, эки манжасы кесилгени аныкталды. Өспүрүм ооруканада жан берди.

Өлтүрүүгө шектелип 16дан 18 жашка чейинки үч жаш бала жана 15 жаштагы кыз кармалды. Алар таяк, бычак жана мачете көтөрүп жүрүшкөн. Тергөөнүн пикиринде, каза болгон өспүрүм түнүчүндө дүкөнгө чыкканда ага кол салышкан. Кылмышты Красногвардейская районунун полициясы иликтөөдө.

Окуя боюнча кылмыш иши козголду. Петербургдун укук коргоо кеңешинин мүчөсү Юрий Вдовин учурда Орусияда ксенофобия күчөп, бул биринчилерден болуп жаштарга таасирин тийгизүүдө деп эсептейт.

Вдовиндин пикиринде, бийлик катуу чара көрбөсө, улутчулдук негиздеги кол салуулар бир нече жыл мурдагыдай кайрадан көбөйүп кетиши ыктымал.

XS
SM
MD
LG