Ссылки доступа

Сот Матаевдерди үй камагында калтырды


Астананын №2 Есил райондук соту Казакстандын журналисттер кеңешинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жана анын уулу Асет Матаевдин баш коргоо чарасын үй камагынан күрөө коюлган эркиндикке алмаштыруу өтүнүчүн четке какты.

Судья Акболат Курмантаев жактоочу Андрей Петровдун дагы эки өтүнүчүн канааттандырган жок. Адвокат соттук-экономикалык экспертиза жүргүзүлүшүн жана кылмыш иши Алматы сотунда каралуусун суранган. Негизги соттук териштирүүнүн башталышы 23-августка дайындалды.

Матаевдердин жактоочулары соттун чечимине макул эместигин айтып, жогорку инстанцияга кайрыларын билдиришти. Бул тууралуу КазТАГ агенттиги кабарлады.

Журналисттер бирикмесинин төрагасы 24-февралдан тарта үй камагында кармалып турат. Марттын аягында үй камагына анын уулу Асет Матаев дагы алынган. Алгач алар өзгөчө чоң өлчөмдө бюджеттик каражаттарды уурдаган жана ири өлчөмдөгү салыктан качкан деп айыпталса, кийинчерээк коюлган айып «өзгөчө чоң өлчөмдөгү алдамчылык» беренесине которулган. Матаевдер күнөөсүн четке кагып келет.

Май айында бирикменин төрагасына коюлган айып өтө оор эмес беренеге алмаштырылган. Ушундай эле чечим Асет Матаевге карата кабыл алынган.

XS
SM
MD
LG