Ссылки доступа

ММК: Авторитардык өлкөлөр айрым жарандарына кибер тыңчылык жүргүзөт


Казакстан, Өзбекстан жана башка авторитардык өлкөлөр Батыш укук коргоо түзүмдөрү колдонгон кибер шаймандарды сатып алды. Алар бул технологияны режимге жакпаган адамдардын электрондук түзүлүштөрүн бузуу үчүн колдонорун чет өлкөлүк ММКлар жазып чыгышты.

Изилдөөчүлөр тобу 2000-жылдарды башынан тарта Verint жана Nice Systems өңдүү компаниялар Казакстан менен Өзбекстанга жапырт жашыруун аңдууларды жүргүзө турган жабдууларды саткан. Мындай маалыматты Associated Press агенттиги таркатты. Бул компаниялардын израил адистери Ташкентке келип, жабдууларга техникалык колдоо көртөтүү менен алектенишкен. Өзбек атайын кызматтарына аталган технологиялар жашыруун маалыматты телефон же электрондук почта аркылуу талкуулаган кишилерди тезирээк таап жана кармоого мүмкүнчүлүк берет.

Associated Press адам укуктарын ырааттуу бузган авторитардык өлкөлөр Батыш атайын кызматтары жана полициясы колдонгон жабдууларды жана технологияларды колго алышканын жазды. Телефондук сүйлөшүүлөрү, кат жазышуулары байкоого алынган адамдар түрмөгө отуруп, кыйноолорго кабылган.

Reuters кабарлагандай, хакерлер Казакстандын өкмөтүнүн тапшырмасы менен иштеген деген божомолдор бар. Алар куугунтуктоого алынган диссиденттердин электрондук жабдууларына тыңчылык жүргүзө турган программаларды орнотуу менен алектенишкен. Айрым учурда кибер чабуулдар чыныгы кылмыштар менен коштолгон.

XS
SM
MD
LG