Ссылки доступа

Тажикстанда орус жоокерин өлтүрүүгө шектүү адам кармалды


Орусиянын 201-аскер базасынын жоокерин өлтүрүүгө шектелип Курган-Төбө шаарынын тургуну кармалды. Анын аты-жөнү айтылган жок.

“Азаттык” радиосунун тажик кызматына Борбордук аскерий округунун басма сөз кызматынын башчысы Ярослав Рощупкин айтып бергендей, алдын ала жүргүзүлгөн тергөө кылмыш “жөнөкөй араздашуудан” келип чыкканын көрсөттү. Анын айтымында, “оор кесепетке алып келген чыр чыккан”.

Рощупкин өлтүрүлгөн аскердин аты-жөнү, өтөгөн кызматынын мөөнөтү ачыкка жарыяланбай турганын кошумчалады. Болгону ал катардагы жоокер экенин айтты. Укук коргоо органдарындагы булактарына таянып жергиликтүү агенттиктердин бири жазып чыккандай, каза тапкан жоокер 40 жаштагы ага сержант Алексей Буенков болчу.

Кылмышка күбө болгон “Карина” ресторанында иштеген официанттардын айтымында, окуя болгон түнү жоокер аялы жана достору менен бирге ресторанда эс алып жаткан. Бир убакта ал Ахлиддин аттуу жаш жигит менен уруша кетет. Күбөлөр билдиргендей, жоокерге бычак сайылган. Бирок алар араздашуунун себебин түшүнүшкөн жок.

XS
SM
MD
LG