Ссылки доступа

Европа Кеңеши Түркияны адам укуктарын сактоого чакырды


Европа Кеңеши Түркияны төңкөрүш аракетине катышкандарды жоопко тартууда адам укуктарын бузууга жол бербей, мыйзам үстөмдүгүн сактоого чакырды.

Анкарага шаршембиде келген Европа Кеңешинин баш катчысы Турбьёрн Ягланд Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу менен бирге басма сөз жыйынын өткөрдү. Ал козголоңчулар армияда жана сот системасында мынчалык чоң тармакты кантип түзүп алганын Европа түшүнбөй жатат деп билдирди.

Ягланд 16-июлга караган түнү төңкөрүш аракети болгондон бери Түркияга келген алгачкы бийик даражадагы европалык аткаминер болду. Анкара козголоңду уюштурууга күнөөлүү деп АКШда жашап жүргөн диний ишмер Фетхуллах Гүленди айыптоодо. Бир ал өзү тополоңго эч кандай тиешеси жок экенин билдирген.

Төңкөрүш аракетинен кийин Түркияда 10 миңден ашуун адам камалып, 70 миңдей мамкызматкер, полиция жана аскер жумушунан алынды. Өлкөдө өзгөчө кырдаал киргизилип, адам укуктары боюнча Конвенциянын иштөөсү убактылуу токтотулду.

XS
SM
MD
LG