Ссылки доступа

Быйыл беш китеп чыгарган түркмөн президенти дагы экөөнү жазууда


Он чакты китептин автору болгон, алардын бешөөсүн быйыл басып чыгарган Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов өргүүдө жүрүп, дагы эки чыгармасынын үстүнөн иштөөдө. Бул тууралуу РИА Новости билдирүүдө.

Китептердин бири Огузханга барып такалган түркмөн улутунун келип чыгышына арналган. Экинчиси түркмөндөрдүн тынчтыкка жакындыгын, рухий байлыгын жана айкөлдүгүн баяндайт.

Жергиликтүү маалымат каражаттары белгилегендей, “китептердин жазылышына терең изилдөөлөр жана түркмөн калкынын дипломатиялык искусствону ийгиликтүү колдонгонунун тарыхый мисалдары түрткү болду. Алар тарыхта гана жазылып калбастан, көркөм адабиятта дагы чагылдырылган”.

Түркмөнстандын президенти 25-июлдан бери өргүүдө жүрөт. Быйыл жылдын башынан тарта өлкө башчысы беш китеп чыгарды.

XS
SM
MD
LG