Ссылки доступа

Тажикстанда баалуу антиквариатты тышка сатуунун алдын алышты


Тажикстандын Хатлон облусундагы бажы кызматынын ыкчам-тергөө иш-чаралары учурунда 3 икон, 2 орден жана Экинчи Дүйнөлүк Согуштун катышуучуларынын 17 төш белгисин сатууга бөгөт коюлду.

Бажы башкармалагы кабарлагандай, Курган-Төбө шаарынын тургуну тарыхый баалуулуктагы буюмдарды өлкөнүн тышына алып чыгып сатууга аракет кылган. Икон жана төш белгилерди экспертизадан өткөрүү учурунда алардын наркы жогору экендиги аныкталган. Конфискацияга алынган “Кызыл жылдыз”, “Улуу Ата Мекендик согуш” ордени жана 17 төш белги прокуратурага өткөрүлүп берилди.

Маданият министрлигинин адистеринин экспертизасы аныктагандай, конфискацияланган икондор 100 жылдан ашык убакыт мурун, 19-кылымдын аягында, 20-кылымдын башында чыгарылган. Бийлик баалуу буюмдар Тажикстандын маданий мурасы экенин, башка өлкөлөргө чыгарып кетүүгө болбой тургандыгын белгилейт.

XS
SM
MD
LG