Ссылки доступа

Кыргызстанда аскер кафедралары жоюлду


Кыргыз аскерлери. Бөлүшүңүз Print Пикирлерди көрүңүз Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку окуу жайлардагы аскер кафедраларын жоюу боюнча мыйзамга кол койду. Ага ылайык, Медициналык академиядан башка университеттердеги аскер кафедралары ишин токтотот.

Анын максаты өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн деңгээлин көтөрүп, уландарды аскердик кызматты өтөөгө милдеттендирүү болуп саналарын мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Жогорку Кеңеште быйыл 30-июнда кабыл алынган мыйзам “Кыргыз Республикасынын жаранынын аскердик милдети, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндөгү мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө” деп аталат.

Кыргызстанда жоокерлер 1 жыл кызмат өтөшөт.

XS
SM
MD
LG