Ссылки доступа

МТС Өзбекстанда ишин токтотот


Орусиялык МТС компаниясы августтун аягына чейин Өзбекстанда иштеген Universal Mobile Systems (UMS) уюлдук операторунун курамынан чыгат. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги билдирет.

МТС ишканасынын активдери «Узмобайл» уюлдук операторуна өткөрүлүп берилиши мүмкүн. Ал «Узбектелеком» улуттук байланыш операторуна карайт.

Буга чейин МТС менен Өзбекстан өкмөтү соттук териштирүүлөрдөн соң тынчтык келишимине жетишкен. Ошондон кийин Universal Mobile Systems 2014-жылдын 1-декабрынан тарта мобилдик байланыш түйүндөрүндө коммерциялык түрдө колдонууга берилген. Тараптар 50,01% орусиялык компанияга, 49,99% Өзбекстанга тиешелүү болгон биргелешкен ишкана түзүшкөн.

2015-жылдын жыйынтыгы менен UMS абонеттик базасын 2014-жылга салыштырмалуу 5,8 эсеге жогорулатып, 1,095 миллион колдонуучуну тейлеп баштаган. Анын Өзбекстан базарындагы үлүшү 5,4% өскөн.

Өзбекстан бийлиги 2012-жылы МТС ишканасына тиешелүү «Уздунробита» биргелешкен ишканасынын лицензиясын алып койгон. Компанияга 600 миллион доллардан ашык суммага доо коюлуп, жетекчиликке каршы кылмыш иши козголгон. «Уздунробита» банкрот катары табылып, активдери «Узбектелекомдун» балансына өткөн.

XS
SM
MD
LG