Ссылки доступа

Бүгүн Түркияда Назарбаев Эрдоган менен жолугат


Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев бүгүн расмий сапары менен Түркияга барат. Бул тууралуу анын администрациясы билдирүүдө. Сапар алкагында казак өлкө башчысы Түркиянын президенти Режеп Эрдоган менен жолугуп, кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келет.

Түрк башчысынын администрациясы билдиргендей, жолугушуу президенттик комплексте өтөт. Бул Түркияда төңкөрүш аракети болгондон бери Назарбаевдин Анкарага болгон алгачкы расмий сапары. Козголоңду уюштурган деп түрк бийлиги АКШда жашап жүргөн диний лидер Фетхуллах Гүленди айыптап келет. Төңкөрүш жасоого тиешеси бар деген шек менен миңдеген киши кармалды. Алардын арасында жогорку даражадагы офицерлер, аткаминерлер жана судьялар бар.

Кийинки жумада Түркиянын президенти Орусияга сапары менен барып, орус кесиптеши Владимир Путин менен жолугушуусу күтүлүүдө. Сирия менен болгон чек арада орус аскерий учагы атып түшүрүлгөндөн кийин бул Эрдогандын Орусияга алгачкы сапары болот. Июлда Түркияда төңкөрүш аракети болгондон кийин Путин Эрдоганга колдоо көрсөтүү үчүн телефондон чалган.

XS
SM
MD
LG