ИИМ сунуштап жаткан мыйзам долбоору нормативдик актылардын расмий сайтына жайгаштырылды.
Орусия президенти Владимир Путин Росгвардия түзүлө турганын 5-апрелде жарыялаган. Мыйзамга ылайык, ал террорчулук менен күрөшүп, мамлекеттик маанилүү объектилерди коргоо жана башка тапшырмалар менен алектенет. Росгвардияга ИИМдин ички аскерлеринин ыйгарым укуктары дагы өткөрүлөт. Калктуу пунктарда жана түзөтүү мекемелериндеги жапырт баш аламандыктардын алдын алуу милдети жүктөлөт. Жаңы түзүмдүн аскерлери автоунааларды текшерүүгө, үйлөргө кирип барууга, өздөрүнө жана жарандардын өмүрүнө коркунуч жаралган учурда курал жана физикалык күч колдонуу укугуна ээ.
Росгвардиянын башчысы болуп, ички аскерлердин башкы командачысы Виктор Золотов дайындалды. Ал буга чейин Путиндин коопсуздук кызматынын башчысы болчу. Росгвардия түздөн-түз президентке баш ийет.