Ссылки доступа

Обама: Жакынкы Чыгышта жихадчылар алсырап баратат, бирок дагы деле кооптуу


АКШ президенти Барак Обама “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу күчүн жоготуп бара жатканын, бирок дагы деле коркунуч жаратканын билдирди. Бул тууралуу BBC кабарлады.

Обаманын айтымында, Ирак жана Сирияда жүргүзүлүп жаткан жихадчыларга каршы соккулар «Ислам мамлекети» тобун алсыратып койду. Бирок, буга карабастан, топтун мүчөлөрү Европа өлкөлөрүндө чабуулдарын улантып келүүдө. Президент белгилегендей, исламчылар менен күрөшүүнү «цивилизациялардын кагылышы» деп атоого болбойт. Анткени экстремисттер «исламды бурмалап жеткирүүдө».

Обама жакынкы арада жихадчылар учурда ээлеп турган Сириядагы Ракка жана Ирактагы Мосул шаарларын көзөмөлдөй албай калат деп эсептейт. Апрелде президент «Ислам мамлекети» террордук тобу Жакынкы Чыгыштагы позицияларын жоготуп, коргонууга өткөнүн билдирген болчу.

XS
SM
MD
LG