Ссылки доступа

Түркмөнстан Казакстан менен чек арасын жаап салды


«Интерфакс» агенттиги кабарлагандай, Түркмөнстан Казакстан менен чек арасын коопсуздук чаралары күчөтүлүп жатканына байланыштуу жапты.

"Түркмөнстанда чек арада коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Буга байланыштуу 4-8-август аралыгында республикага жөнөкөйлөтүлгөн тартип менен кирип жаткан чет элдиктер үчүн кирүүгө убактылуу тыюу салынат", - деп Казакстандын Маңгистоо облусунун Мамлекеттик киреше департаментинин басма сөз кызматы билдирди.

Көбүнесе түркмөн-казак чек арасы президент Бердумухамедов Балкан аймагына барганда жабылат. Ал Казакстан менен чектеш жерде жайгашкан.

Болжолдуу маалыматтарга ылайык, өргүүдө жүргөн президент Балкан аймагында орун алган Каспий деңизинин жээгиндеги Аваза курортуна барганы жатат.

Түркмөнстан Казакстандын Маңгистоо облусунда туруктуу жашаган жарандары үчүн өз аймагына кирүүдө жөнөкөйлөтүлгөн тартип киргизген. Эки өлкөнүн макулдашуусуна ылайык, алар Балкан аймагында беш күнгө чейин виза албай жүрө алышат.

XS
SM
MD
LG