Ссылки доступа

Тажикстанда жоокердин өмүрү 635 долларга бааланды


Дүйшөмбү гарнизонунун аскер соту Тажикстандын Коргоо министрлигин каза болгон жоокер Фирдавс Рахматовдун үй-бүлөсүнө компенсация иретинде 5 миң сомони (635 доллар) төлөп берүүгө милдеттендирди.

Жоокердин туугандары моралдык чыгым үчүн 238 миң 800 сомони же 30 350 АКШ долларын талап кылышкан. Мындан улам, арыздануучулар сот белгилеген суммага канааттанышкан жок. Алар жогорку инстанцияга доо менен кайрыла турган болушту.

Фирдавс Рахматов Тажикстандын Куралдуу күчтөрүнүн катарына 2015-жылы 7-майда чакырылган. Туура жети ай өткөн соң анын сөөгү ата-энесине кайтарылып берилген.

Былтыр октябрда Согди гарнизонунун аскер соту Рахматовду катуу сабап, өлүмгө жеткирген үч жоокерди күнөөлүү деп тапкан. Алар 17-18 жылга эркинен ажыратылган.

XS
SM
MD
LG