Өзбек өкмөт башчысы Шавкат Мирзияевдин жеке демилгеси менен башталган «Секач» («Ойболта») өнөктүгүнө ылайык, пахта менен буудай тапшыруунун планын аткара албаган фермерлердин жеке мүлктөрү, автоунаалары, малы жана айыл чарба техникалары мамлекеттин карамагына өтөт.
Балыкчылык фермерлердин биринин «Азаттыктын» өзбек кызматынын кабарчысына билдиргендей, аким Шухрат Абдурахманов фермерлерди эл алдында уят кылып, андан соң алардын мүлкүн конфискациялоо буйругун берген. «Анын көрсөтмөсүн жыйын аяктагандан кийин дароо эле аткарып башташты. Сиза айылындагы фермердик чарбанын жетекчиси Нодирбек Хакимовдун тракторун, ошондой эле 20га жакын килем жана паластарын алып кетишти. Анын бардык мүлкү Чинабаддагы пахта тазалоо заводунун аймагына жеткирилди», – деди фермер.
Фермерлердин мүлктөрүн конфискациялоону облустук прокуратуранын, соттук департаменттин, ички иштер органдарынын жана салык инспекциясынын кызматкерлери ишке ашырып жатышат.
Дыйкандар пландын аткарылбай калышын сапаттуу үрөн, мамлекеттик субсидиялардын жоктугу менен түшүндүрүп жатышат.