Стамбулдагы массалык митинг Түркиянын ар кайсыл шаарларындагы демонстрациялардан кийин болду. Иш-чарадагы Эрдогандын эмоционалдуу сөздөрүн чогулгандар жайбаракат угушту. Митингге катышкандардын арасында өлкө желегин кармаган жаштар көп. Алдыңкы катарда отурган генералдар дагы эмоцияларын ачык көрсөтүшкөн эмес.
Батыш маалымат агенттиктери Стамбулдагы митинг июлда болгон мамлекеттик төңкөрүш аракетин айыптоо жана Эрдоганды колдоо максатында өткөрүлгөнүн белгилешүүдө.
15-июлдагы аскердик төңкөрүш жасоо аракети маалында Түркияда 270тен ашык киши каза болгон. Бийлик тарабынан 18 миңге чукул адам кармалып же камакка алынган. Он миңдеген мамлекеттик кызматкерлер жумуштан айдалган. Куралдуу күчтөрдө тазалоо иштери уланууда.