Ссылки доступа

Казакстанда тажиктерге кол салуу бейбаштык катары мүнөздөлдү (видео)


Мактарал районунда 2-августка караган түнү болгон окуя улут аралык жаңжал эмес жана тергөөчүлөрдүн акыркы бүтүмү жакынкы аралыкта чыгат. Бул тууралуу Түштүк-Казакстан облусунун жетекчисинин орун басары Уласбек Содиков “Азаттыктын” казак кызматына билдирди.

Казакстандын Мактарал районунда жети жашар кызды тажик жигити зордуктады деген айың кеп жаңжалга алып келип, үйлөр өрттөлгөн. Түштүк-Казакстандын жергиликтүү бийлиги аймакта отурукташкан тажиктерге жаш жигиттердин кол салуусун “бейбаштык” катары мүнөздөгөн.

Уласбек Содиковдун айтымында, дарыгерлер жети жашар кызды текшеришти. Алдын ала божомолдор боюнча ал зордукталган эмес. Тергөө уланууда, бирок кыздын ата-энеси менен айыпталып жаткан бала кол алышып, талашка чекит коюшту.

Укук коргоо органдары билдиргендей, буга чейин 30дан ашуун адам кармалган, алардын айрымдары сурактан соң бошотулган. Мактарал районунун тажик тилдүү жашоочулары кол салгандарды кармап, жазалоону талап кылып жатышат.

Казакстандын түштүк облустарында 50 миңден ашуун тажиктер жашайт.

Почему напали на таджиков Казахстана?
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:06:58 0:00

XS
SM
MD
LG