Ссылки доступа

Өзбекстандын тергөө абагында уурулукка шектелген кыз асынып алган


Өзбекстанда 19 жаштагы Севара Алматова Жизак облустук ИИБсинин тергөө абагында асынып алган жеринен табылды. Окуя  4-августта, кыз кармалган күндүн эртеси болгон.  Анын туугандарынын айтымында, маркум абактагы кыйноолор жана физикалык зомбулуктардан улам өз жанын кыйган.

Учурда Жизак прокуратурасы бул факты боюнча тергөө жүргүзүүдө. Севара Алматованын туугандарынын бири кыз тергөө абагындагы зордуктоодон улам өз жанын кыйганын билдирди. Маркумдун сөөгү жакындарына берилгенден кийин алар анын денесиндеги көгөргөн жерлерди көрүшкөн.

Бирок Жизактын укук коргоо органдарынын өкүлдөрү бул маалыматты четке кагып жатышат. Алардын маалыматы боюнча Севара Алматова кийим уурдоого шектелип 3-августта кармалган.

– Ал тергөө абагынын камерасында шымынан түймөк жасап асынып алган. Анын муунуп өлгөнү тууралуу кабарлоодон мурун бардык шашылыш медициналык чаралар көрүлдү, – деп билдирди өз булак.

Севара Алматова турмушка чыга элек болчу. Анын туугандары кыз базарда кошумча иштеп акча тапканын, эч кандай психикалык оорулардын белгилери болбогонун билдиришүүдө. БУУнун кыйноолорго каршы комитетинин маалыматы боюнча Өзбекстан абактарында зордук-зомбулук көрсөтүү ырааттуу мүнөзгө ээ.

XS
SM
MD
LG