Ссылки доступа

Назарбаева кара куурайды кайра иштетүүнү сунуштоодо


Казакстан премьер-министринин орун басары Дарига Назарбаева өкмөттүк жыйында кара куурайды кайра иштетүү сунушун билдирди. Ал бул өсүмдүктөн целлюлозаларды жана медикаменттерди чыгарса боло тургандыгын айтууда.

«Казакстанда кагаз чыкпайт. Бизде баары импорттук товарлар, бул болсо өнүмдүн баасына таасирин тийгизүүдө. Казакстандын кагазын чыгаруу өтө актуалдуу болуп турат», – деди Назарбаева.

Кара куурайды кайра иштетүү демилгесин Назарбаева биринчи жолу эле көтөрүп жаткан жок. 2014-жылдын январында парламент мажлисинин депутаты болуп турганда Шуй өрөөнүндөгү кара куурай өскөн талааларды ири фармацевтикалык компаниялардын карамагына өткөрүү сунушун билдирген. Анда ал кара куурайды кайра иштетүү менен дары гана чыгарып тим болбой, жаңы жумуш орундарын түзүп, бюджетке түшө турган салыкты көбөйтсө болорун айткан.

Жамбыл облусунун Шуй өрөөнү маңзаттардын чийки базасы болуп саналат. Расмий маалыматтар боюнча жапайы кара куурайлар 130 миң гектар жерде өсөт.

XS
SM
MD
LG