Токтом долбоору коомдук талкууга коюлуп, өкмөттүн сайтына жайгаштырылды.
Долбоордо аскер курагындагы атуулдардын өлкөдөн чыгып кетүүсүнө бөгөт койчу механизмдер көрсөтүлгөн.
Мыйзам долбооруна тиркелген негиздеме-маалымкатта өлкөдөгү ички жана сырткы миграция менен экономикалык абалдын натыйжасында жоокердик милдетин өтөөдөн качып кетүү мүмкүнчүлүгү түзүлгөнү белгиленген. Жарандар аскердик каттоодон чыкпай эле башка аймактарга же өлкө сыртына чыгып кетип жатканы жүйө келтирилген.