Ссылки доступа

Казакстандын Индиядагы мурдагы консулу «мыйзамсыз миграция үчүн» соттолду


Казакстандын Индиядагы мурдагы консулу Рашид Рахимбеков мыйзамсыз миграция уюштурууга айыпталып, Алматы соту тарабынан бир жарым жылга шарттуу түрдө кесилди.

Сот Рахимбековду Казакстандын Индиядагы консулу болуп турган 2012-2013-жылдары чет өлкөлүк жарандарга ишкердик визаларды мыйзамсыз берүүдө күнөөлүү деп тапты. Ошондой эле сот аны 26 миллион тенге (73,5 миң доллар) өлчөмүндөгү айып пул төлөп берүүгө милдеттендирди.

Рахимбеков айыптоолорду четке кагып, соттун чечими боюнча даттана турганын билдирди

XS
SM
MD
LG