Ссылки доступа

Өзбекстан ишкерлерди накталай акчаларын банкка тапшырууга мажбурлоодо


Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын (УКК) Шерабад райондук бөлүмүнүн башчысы жергиликтүү ишкерлерге накталай акчаларды банкка тапшыруу планын аткаруу буйругун берди.

Ишкерлердин биринин айтымында, жыйынды июлдун аягында УККнын башчысы Бахром ака өткөргөн. «Ал накталай акчалар өтө аз тапшырылып жатканын айтып, бардык ишкерлерди кемсинтип баштады. Мисалы, ал «Висол» ресторанынын ээси Зафар аканы тургузуп, аны коркутту. Ал адамдын жалгыз күнөөсү — банкка накталай акча аз тапшырып жаткандыгы. УКК башчысынын сөздөрүнөн кийин Зафар ака коркуп, азыр көбүрөөк накталай акча топтоо үчүн тааныштарынан сурап жүрөт», – деди ал.

Башка жергиликтүү ишкердин айтымында, аларга ай сайын банкка 6 миллион сумдан (930 АКШ долларын) төгүү тапшырылган. «Биз күн сайын эптеп 100-150 миң сум (15-23 АКШ доллары) иштеп табабыз. Азыр мугалим да, пенсионер да пластик карта колдонот. Биз товарларды пластик карталар менен сатабыз. Накталай акча алуу үчүн бул иш менен алектенген адамдарга каражаттын 18-25 пайызын берүүгө мажбурбуз», –деп кошумчалады ал.

Элдик банктын Шерабад райондук бөлүмүнүн кызматкери жергиликтүү атайын кызматтарга накталай акчалардын түшүүсүн көзөмөлдөө тапшырылгандыгы тууралуу маалыматты ырастады.

XS
SM
MD
LG