Ссылки доступа

ЕККУ байкоочулары Орусиядагы шайлоого мониторинг жүргүзүүгө келишти


Орусияда ЕККУнун Адам укуктары жана демократиялык институттар боюнча бюросунун миссиясы өз ишин баштады. Ал өлкөдөгү парламенттик шайлоого байкоо жүргүзөт. Бул тууралуу миссиянын башчысы Ян Петерсен Москвадагы басма сөз жыйынында маалымдады.

Миссия Орусияга Боршайкомдун чакыруусу менен келген. Курамындагы 500 байкоочунун 80и узак мөөнөттү негизде иштесе, калгандары кыска убакыттагы тапшырмаларын аткарат.

Миссиянын катышуучулары депутаттыкка талапкерлер, ММК өкүлдөрү жана парламент өкүлдөрү менен жолугат. ЕККУ Орусия аннексиялаган Крымга байкоочуларын жөнөтөбү же жокпу чече элек.

Адам укуктары жана демократиялык институттар боюнча бюро ЕККУга мүчө өлкөлөрдө адам укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышы боюнча жардам көрсөтүү мандатына ээ.

XS
SM
MD
LG