Ссылки доступа

Тажикстанда бекер инсулин түгөндү


Тажикстанда кант диабети менен ооругандар үчүн бекер инсулиндин камдыгы түгөндү. Натыйжада 34 миң бейтаптын өмүрү коркунучка кептелди.

2016-жылдын бюджетин иштеп чыгуу учурунда диабет менен ооруган адамдарды инсулин менен камсыздоо үчүн жетиштүү көлөмдө каражат каралган эмес. Эл аралык уюмдар дагы Тажикстанга бекер инсулин берүү боюнча программаларын токтотту. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, чоңдор үчүн бекер инсулин эбак түгөнгөн, балдар үчүн абадай зарыл дары болсо августтун соңуна араң жетет.

Министрлик инсулин алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча караштыруу өтүнүчү менен бийликке кайрылды.

Хатлон облусунун жашоочусу Дустмурод Махмадовдун айтымында, үй-бүлөлүк бюджеттин 90% ашыгы өмүрлүк жарына медикамент сатып алуу үчүн кетет. Ал узак убактыттан бери кант диабети менен жабыркайт. “Бир айда аялыма инсулин жана башка дары сатып алуу үчүн 1 миң сомони жумшайм. Алты жылдан бери дарыланабыз, бирок такыр бекер инсулин алган эмеспиз”,- дейт ал.

Өлкөдө кант диабети менен ооруган 34 миң бейтаптын 3 миңи аз камсыз болгон жарандар. Өз алдынча инсулин сатып алууга алардын кудурети жетпейт.

XS
SM
MD
LG