Ссылки доступа

Донбасстагы жикчилдердин туткунунда 107 киши бар


Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилдердин туткунунда 107 киши калууда, алардын 64ү — аскер кызматкерлери, калгандары — жай тургундар. Бул тууралуу  Фейсбуктагы баракчасына Жогорку Раданын төрагасынын орун басары Ирина Геращенко жазды.

Анын айтымында, Донбасстагы абалды жөнгө салуу боюнча Минскте өткөн акыркы жолугушууда башта жикчилдер билдиргендей, тизмедеги 20 кишинин эмес, 45инин кайсыл жерде экенин аныктоого мүмкүн болгон. Өткөн аптада эки жылдан бери биринчи жолу туткундагыларга БУУнун миссиясынын өкүлдөрү киргизилгенин жазды Геращенко.

Ал ошондой эле Орусиянын абактарында украиналык 10 саясий туткун калып жатканын белгиледи.

Күн мурун Украина президентинин администрация имаратынын алдында Орусия менен Донбасста кармалып турган украиналык туткундардын туугандарын колдогон «Өзүңдүкүлөрдү таштаба» аттуу акция өткөн. Ага Жогорку Раданын депутаты Надежда Савченко катышкан. Ондогон демонстранттар туткундагыларды бошотуу үчүн чечкиндүү чараларды көрүү талабы менен өлкө башчысы Петр Порошенкого жолдонгон кайрылууга кол коюшкан.

XS
SM
MD
LG