Ссылки доступа

Самаркандда көчө шыпыруучулар укуктарын кетмен жана күрөктөр менен коргошууда


Өткөн ишемби күнү эртең мененки саат 8де элүүдөн ашык көчө шыпыруучу Самарканд облусунун администрация имаратынын алдына нааразычылыктарын билдирип чыгышкан. Алар тез аранын ичинде айлык акыларынын төлөнүп берилишин жана ага жооптуу болгон чиновниктерге карата тиешелүү чаралардын көрүлүшүн талап кылышты.

Самаркандда акцияга чыккан жумушчулар облустун акими менен жолугушууну, ошондой эле ушул жылдын май, июнь жана июль айлары үчүн маяналардын төлөнүп берилишин талап кылышты.

Акцияга күбө болгондор билдиргендей, көчө шыпыруучулар аларды кууп таратуу үчүн барган 20дан ашык милиция кызматкерин кетмендер жана күрөктөр менен тосуп алышкан.

Самарканд шаарынын жайлуулук департаментинин башчысы Мамуржон Мухсинов нааразы болгондорго ишкананын бюджетинде акча жок экенин билдиргени кабарланууда. Бирок кечке жакын департаменттин бардык жумушчуларына май жана июнь айлары үчүн айлыктары төлөнүп берилген.

– Июль айыныкын ушул жуманын ичинде төлөп беребиз, – деди мекеме өкүлү. Ошондой эле ал нааразычылык акциясы болгон күнү Самарканддын акими аталган департаменттин башчысы Мамуржон Мухсиновду жумуштан бошотконун кошумчалады.

XS
SM
MD
LG