Ссылки доступа

БУУ: Алепподогу абал гуманитардык кыйроого жакындады


БУУнун гуманитардык маселелерди координациялоо башкармалыгынын басма сөз катчысы Йенс Лэрке Алеппонун суу жана электр энергиясы менен камсыз кылуу системаларынын талкаланышын үрөй учуруучу деп атады. Ал мындай пикирин Женевадагы маалымат жыйында сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, ушул аптадагы Алеппонун жарандык инфраструктурасына кол салуу шаардын суу жана электр энергиясы менен камсыз кылуу системаларына олуттуу зыян келтирген жана анын айынан эки миллиондон ашык тургун электр жарыгы жана таза сууга жетүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган.

"Калктын керектөөсүн канааттандыруу үчүн кудуктар менен резервуарлардагы жеткиликтүү суу жетишсиз. БУУ эгер суу жана электр энергиясы менен камсыз кылуу тез аранын ичинде калыбына келтирилбесе, анын кесепеттери миллиондогон жарандар үчүн өтө оор болоруна абдан тынчсызданууда", – деп билдирди Йенс Лэрке.

БУУ тиешелүү инфраструктураларды оңдоо жана колдоого муктаж адамдарга гуманитардык жардам көрсөтүүнү жеңилдетүү үчүн Алепподогу согуштук аракеттерди тез арада токтото турууга чакырууда.

Июлдун башында Сириянын презденти Башар Асаддын аскерлери шаардын көтөрүлүшчүлөрдүн көзөмөлүндөгү райондорун тосуп алышкан. Анда 250дөн кем эмес адам бар экени айтылууда. 7-августта көтөрүлүшчүлөр Асаддын аскерлери Алеппонун батыш райондоруна жете ала турган жолдорду жабышкан.

XS
SM
MD
LG