Ссылки доступа

Тажикстанда пальма майын ташып кирүүгө жана колдонууга тыюу салынды


"Тажикстандарт" агенттиги Тажикстандын кондитердик ишканаларына пальма майын ташып кирүүгө тыюу салды. Майдын бул түрү негизинен Малайзия, Иран, Пакистан өлкөлөрүнөн келчү. Ал кондитердик жана сүт азыктарын даярдоодо колдонулчу.

"Тажикстандарт" агенттигинин басма сөз катчысы Мурод Ашуровдун айтымында, тажик ишкерлер төмөн наркына карап, өлкөгө пальма майынын техникалык сортун ташып келишчү. Аны тамак-ашта колдонуу атуулдардын саламаттыгына терс таасирин тийгизет.

- Адам денесинин температурасы 35-36 градус, бирок мындай температурада май организмге сиңбейт. Бизде аны пахта майы менен аралаштырып, кондитердик азыктарды даярдоодо колдонушчу. Азыр пальма майын тамак-ашка кошууга тыюу салып, анын ордун зыянсыз майлар менен толуктоо тапшырмасын бердик, - деди Мурод Ашуров.

Буга чейин "Тажикстандарт" өлкөгө Ирандан чыккан жумуртка, май, канаттуу терисин жана кургак чайды алып кирүүгө бөгөт койгон. Мындай чечим Ислам кайра жаралуу партиясынын төрагасы Тегеранга чакырылгандан кийин Иран менен Тажикстандын мамилеси сууп кеткен учурда кабыл алынган.

Бирок "Тажикстандарт" жетекчилиги айрым продукцияларды алып кирүүгө тыюу салууда эч кандай саясий өңүт жок экенин айтууда. Тажикстан Бүткүл Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болгондон кийин товарларды өндүрүүгө жана ташып кирүүгө талап катаалдашканын билдиришүүдө.

XS
SM
MD
LG