Ссылки доступа

Кремль: Путин менен Мэй жакынкы күндөрү жолугушат


Орусия президенти Владимир Путин жана Улуу Британия премьер-министри Тереза Мэй алгачкы телефондук сүйлөшүүлөрүн жүргүзүштү.

Кремль басма сөз кызматы кабарлагандай, тараптар саясий-экономикалык тармактагы азыркы кызматташтыкка “канааттанбай” турганын билдиришти. Эки өлкө лидерлери авиациялык коопсуздукту камсыздоо маселелери менен алектенген атайын кызмат багытындагы диалогду жөнгө салуу боюнча макулдашышты. Кремль телефондук сүйлөшүү Лондондун демилгеси менен болгонун баса белгиледи.

Маалымдалгандай, Путин менен Мэй жакынкы келечекте көзмө-көз жолугушууга макулдашты.

Кремлдин билдирүүсүндө айтылгандай, мындан тышкары Мэй Архангельскке британиялык алгачкы Түндүк конвойунун келишинин 75 жылдыгына арналган салтанатка Улуу Британия “мыкты деңгээлде” катыша турганы ырастады. Иш-чара августтун аягында өтөт.

XS
SM
MD
LG