Абулгазиевдин айтымында, жогорулатуунун жыйынтыгында өлкөдө пенсиянын орточо көлөмү 5173 сомду түзүп, ал 10,2% көтөрүлөт.
Президент мамлекеттин өлкө жарандарынын алдындагы социалдык милдеттенмелеринин сапаттуу аткарылышы зарылдыгын белгиледи. Андан сырткары жолугушуунун жүрүшүндө өлкө башчысына учурдагы пенсиялык камсыздоонун абалы, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүү деңгээли, ошондой эле Пенсиялык камсыздоо системасын өнүктүрүү концепциясынын ишке ашырылуусу тууралуу маалыматтар берилди.
«Пенсия курагындагыларга кам көрүү мамлекеттин башкы милдеттеринин бири болуп эсептелет жана колдо бар мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен пенсиянын шайкеш көлөмдөрүн камсыздоо үчүн чараларды көрүү зарыл», - деди Атамбаев.
2015-жылдын аягына карата өлкөдөгү пенсиянын орточо көлөмү 4790 сомду түзгөн.