Ссылки доступа

Киевде судья пара алып жаткан жеринен кармалды


Украинада пара алып жаткан жеринен киевдик сот кармалды. Николай Чаустун жанынан  айнек банкага салынган 150 миң доллар табылганын Настоящее Время билдирүүдө.

Украинанын башкы прокурорунун орун басары, анткоррупциялык прокуратуранын жетекчиси Назар Холодницкий Фейсбукка кармалган киевдик судьянын кол тийбестик макамынан улам, аны камакка алууга мүмкүн болбогонун жазды.

«Коомчулуктун паракорлорду адилеттүү жазалоо тууралуу кечиктирилгис талаптары бар. Биз бул сыяктуу «кол тийбестерди» адилеттүү жоопко тартуу үчүн болгон аракетти көрүп жатабыз. Бирок алардын соттолушуна эски мыйзам чыгаруу системасы тоскоолдук болуп жатканын көрүүдөбүз», – деп жазды Холодницкий.

Судья Чаус 9-август күнү кечинде кармалган. Эгерде ал айыптуу деп табылса, 12 жылга чейин кесилет.

XS
SM
MD
LG