Ссылки доступа

Порошенко: Орусия Украинаны жаман көрсөтүү аракетинде


Украина президенти Петр Порошенко укриан атайын кызматтары Крымга жашыруун кирүүдө деген Орусиянын айыптоосу суу кечпей турганын билдирди. Анын айтымында мындай жол менен Москва Киевге карата аскердик коркунучтарын арттырууну көздөөдө. Бул тууралуу Украина президентинин расмий сайтындагы билдирүүдө маалымдалат.

Порошенко Орусия Укринаны жаман көрсөтүүгө аракет кылуу менен эл аралык санкцияларды алдырууда ийгиликке жетпей турганын белгиледи. Ал Орусиядан ок атышууну токтотуу боюнча Минск келишиминин шарттарын камсыздоону күткөнүн кошумчалады.

Буга чейин Орусия президенти Владимир Путин Донбасстагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча “норманд форматындагы” жолугушууну “маңызсыз” деп атаган. Ал мындай пикирин Крымда “диверсанттар” кармалды деген ФСБнын билдирүүсүнөн кийин айткан. Алар украин чалгындоо кызматкерлери экени кабарланган.

Орусия президенти кармалгандардын аракети, анын ичинде аннексияланган жарым аралдын аймагында теракт жасоого даярдык көрүү – өлкөдөгү ички көйгөйлөрдөн украин элинин көңүлүн алагды кылуу экенин айткан.

XS
SM
MD
LG