Башкармалыктын өкүлдөрү рейд маалында алардын алты кызматкери кармалганын ырасташты, бирок окуя тууралуу башка эч кандай маалымат беришкен жок. Рейддин антикоррупциялык иш-чаралардын алкагында жүргүзүлгөнү кабарланууда.
Маалыматка караганда, кармалгандар «паракорчулукка» айыпталып жатышат. Аларга жол эрежесин бузган айдоочулардан түшкөн айып пулдарды кымырып алуу боюнча кине коюлууда.
Жол кыймылынын коопсуздугу тармагындагы жемкорлуктун деңгээлин төмөндөтүү максатында Ташкенттин көчөлөрүндө ушул ай соңунда иштеп баштай турган видеокөзөмөл камералары оротулган. Бирок көз карандысыз байкоочулар 3 миллион калкы бар Ташкенттин көчөлөрүндөгү паракорчулукту азайтууга 120 камера жетишсиз деп эсептешүүдө.