Ссылки доступа

Орусия Алепподо күн сайын үч сааттык тыныгуу болуп турарын билдирди


Орусия бийлиги билдиргендей, Алеппону курчап турган аскерлер шаарга гуманитардык жүктөрдүн киргизилиши үчүн күн сайын үч саатка согуштук аракеттерди токтотуп турушат.

Орусиянын Коргоо министрлигинин жогорку кызматтагы өкүлү Сергей Рудскойдун айтымында, 11-августтан тарта «бардык аскердик операциялар», анын ичинде авиачабуулдар менен авиааткылоолор эртең мененки саат 10дон бирге чейин токтотулуп турат.

БУУнун гуманитардык миссиясынын башчысы Стивен О'Брайендин айтымында, жүктү шаарга жеткирип, эвакуация кылууга кеминде 48 сааттык тынчтык керек. АКШнын Мамлекеттик департаментинин билдирүүсүндө: "Биз өтө керектүү болгон жүктөрдү ийгиликтүү жеткирүүгө мүмкүндүк берген бардык тыныгууларды колдойбуз, бирок аны бардык тараптар аткарышы керек", деп жазылган.

Буга чейин БУУ суу жана электр берүү системаларын калыбына келтирүү үчүн Алепподогу согуштук аракеттерди тез арада токтотууга чакырган. Уюмдун маалыматы боюнча шаардын четиндеги эки миллионго жакын адам жардамга муктаж. Рудской билдиргендей, Алеппонун түштүк-батыш бөлүгүнө согушкерлер, артиллерия, танктар жана башка брондолгон техникалардын топтолуусу уланууда, андагы согушкерлердин саны жети миңге жетет.

XS
SM
MD
LG