Ссылки доступа

Эки жылда ИМ тобунун 45 миң жоочусу өлтүрүлдү


“Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы согуштук аракеттерди жүргүзүүнүн натыйжасында, өткөн эки жыл ичинде Ирак жана Сирияда 45 миң жоочу өлтүрүлдү. Бул тууралуу аталган өлкөлөрдөгү АКШнын операцияларын башкарган генерал-лейтенант Шон Макфарланд билдирди.

Макфарланддын айтымында, фронттогу согушкерлердин саны азаюуда, алардын ордун толуктай тургандар болсо сейрек келип баштады. Deutsche Welle кабарлагандай, бул сан болжолдуу, так эмес.

Буга чейин Франция жана АКШ ИМдин таяныч пункттарынын бири болгон Ирактын Мосул шаарына сокку урушары кабарланган. 2016-жылдын апрелинде Барак Обама Ирактагы Мосулду жана Сириядагы Ракканы жоочулардан бошотуу ниетин билдирген.

2016-жылдын майында АКШнын аскердик аба күчтөрү ИМге сокку уруу үчүн жогорку тактыктагы бомбалардын жетишпей жатканын маалымдаган. АКШнын аба чабуулдары башталгандан бери Сирия жана Иракка 20 миңден ашуун бомба ташталган. Бул өз кезегинде аскердик жарак-жабдыктар камдыгынын азаюусуна алып келди.

АКШ жетекчилиги алдындагы Эл аралык антитеррордук коалиция 2014-жылдын августунан бери жихадчыларга каршы аба чабуулдарын жүргүзүп келет.

XS
SM
MD
LG