Текебаев Кыргызстан референдум өткөрүү менен 2010-жылга чейинки кырдаалга туш болушу мүмкүн экенин кошумчалады.
27-июлда парламенттеги КСДП, “Республика-Ата Журт”, “Кыргызстан” жана “Өнүгүү” фракциялары Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгесин көтөрүп, тиешелүү мыйзам долбоорун өз ара макулдашкан. Референдум өткөрүү күзгө мерчемделген. Учурда мыйзам долбоору коомдук талкууда. Ал аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктарын кеңейтип, сот реформасын тездетүү үчүн жасалып жатканы айтылган.
Бирок бир катар оппозициячыл саясатчылар, жарандык активисттер жана депутаттар Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы экенин билдирүүдө.