Ссылки доступа

Тажикстан мамлекеттик түзүмдөрү чыгымдарды азайтып… Lexus сатып алууда 


Тажикстандын Каржы министрлиги бюджеттик чыгымдарды кыскартуу максатында министрликтер менен мекемелер үчүн кызматтык автоунааларды жана эмеректерди сатып алууну, ошондой эле мамлекеттик имараттарды оңдоп-түзөөнү чектөө тууралуу билдирген.

Бирок Мамлекеттик сатып алуулар агенттигинин планына ылайык, мамлекеттик кызматкерлер кызматтык автоунаалар менен эмеректерди сатып алууда бюджеттик каражаттарды үнөмдөшпөйт. Алсак, 29-июлда ИИМдин өрткө каршы күрөшүү кызматы 109 миң 315 сомониге Lexus RX автоунаасын сатып алган. Апрелде ИИМдин Бободжон Гафуров районундагы бөлүмү да 85 миң сомониге унаа (кандай үлгүдө экени көрсөтүлгөн эмес) алган. Мындай мисалдар абдан көп.

Тендерлердин графигине ылайык, 2016-жылы бийлик эмеректер менен иш техникаларын бюджеттик каражатка сатып алган. Жаңы техникага Башкы прокуратура, Айыл чарба академиясы, Варзоб, Файзабад, Бободжон Гафуров районунун акимчиликтери ээ болушкан.

Тажик серепчиси Марат Мамадшоев каатчылык маалындагы мындай сатып алуулар маморгандардын ысырапкорчулугун көрсөтүп жатат деп эсептейт. «Расмий билдирүүлөргө карабастан бюджеттик каражаттар үнөмдүү пайдаланылбай жатат. Мисалы, бийлик республиканын 25 жылдыгын салтанаттуу түрдө шаан-шөкөт менен өткөрүү ниетинде. Аткаминерлер жеке керектөөлөрү үчүн бюджеттин акчасын аяшпайт. Мунун баары өлкөнүн көптөгөн райондорундагы мугалимдер менен дарыгерлер айлап маяна ала албай калып жаткан учурда болууда», - деди ал.

Каржы министрлигинин маалыматы боюнча экономикалык каатчылыктын терс таасиринин жыйынтыгында быйыл мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгү кескин кыскарган. Жакында эле Тажикстан президенти Эмомали Рахмон мамлекеттик чыгымдарды 450 миллион сомониге азайтууну тапшырган.

XS
SM
MD
LG