Ссылки доступа

Киев Орусиянын террорчулукка айыптоосу боюнча БУУга кайрылат


Бул тууралуу Украинанын БУУдагы туруктуу өкүлү Владимир Ельченко билдирди.

10-августта Орусия Крымда террордук актыларды уюштурмак болгон украиналык чалгынчыларды кармаганын, алар менен атышуу учурунда эки кызматкери өлгөнүн билдирген.

Ельченко бул маселе учурда каралып жатканын, Киев БУУнун Коопсуздук кеңешин түн катып болсо да чакырууга даяр экенин айтат.

Диверсанттар кармалганы тууралуу билдирүүдөн кийин Орусия менен Украинанын мамилеси кескин курчуган. Орусия президенти Путин Украина бийлиги террор чарасына өткөнүн айтып, алдыда болчу украин кризисине байланыштуу норманд форматындагы жолугушуу эми маанисин жоготту деген.

Украина президенти Порошенко болсо орус тараптын айыптоосу Москванын Донбасста аскери жок деген сыяктуу эле сандырак, аксым кеп деди. Ошондой эле муну Украина аймакта репрессиялык иштерди жүргүзүүгө жол ачкан чагымчылдык катары баалоодо.

Орусия Крым жарым аралын 2014-жылы аннексиялап алган.

XS
SM
MD
LG