Кеңешме Кытайдын Элдик-боштондук армиясынын штаб башчысы, генерал-полковник Фан Фэнхуэянын жетекчилиги алдында өттү. Ага катышкан Тажикстандын, Пакистандын жана Ооганстандын куралдуу күчтөрүнүн штаб башчылары террорчулукка каршы альянс түзүү боюнча өз өкмөттөрүнүн идеясын колдой тургандыктарын билдиришти.
Буга чейин кытай аскер башчысы аталган өлкөлөрдө болуп, өлкө жетекчилери менен жолугушууларды өткөргөн.
Орусиялык аскер эксперти Александр Гольцтун пикиринде, мындай альянстын түзүлүшү Кытай саясатындагы маанилүү бурулуш болуп эсептелет. «Бул Кытай өзүнүн өзгөрүлбөс саясатынан четтеп жатканын түшүндүрөт, анткени буга чейин ал кайсыл бир аскердик союздарга кошулуудан качып келген», - деди ал.
Гольцтун пикиринде, эгер Кытай башында турган коалиция түзүлсө, анда Пекиндин аймактагы коопсуздукту камсыз кылууда башкы ролду алуу ниети бар экени жөнүндө айтууга болот. Бул албетте улуу держава катары таанылууну көздөгөн КЭРге чоң жоопкерчилик жүктөйт.